Биз менен байланышыңыз

Касымбеков: Атамбаевдин эмгеги чоң, тарых баарын өз ордуна коёт

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Мар 2019 | 1012 | 0

КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Нурбек Касымбеков “Марал” радиосуна берген маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаевди кыргыздын улуу инсандарына теңеп, жакында тарых баарын өз ордуна коёрун билдирди.

«Улуу инсандар сыяктуу Атамбаевдин да эмгеги чоң. Ал бийликтен кеткен соң каралоолор башталды. Турдакун Усубалиевди да убагында жамандап чыгышкан. Бирок тарых алардын эмгегин баалап, ордуна коюп койду. Жакынкы жылда Атамбаевдин жасаган иштери, долбоорлор белгилүү болот. Атамбаев дагы кыргыз элинин баатыры болуп эсептелет», — дейт Касымбеков.

Анын буга кошумча, КСДП уставдарынын негизинде гана иш алып барарын белгиледи. Ошондой эле “КСДП Атамбаевсиз” кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов партиядан мыйзамдуу түрдө чыгарылганын айтып өттү.

«Сагынбек Абдрахманов КСДПда турганда белгилүү мамлекеттик кызматтарды ээледи. Бирок 2017-жылкы президенттик шайлоого талапкерилигин коёрун угуп, КСДПнын саясий кеңеши Абдрахмановду партиядан чыгарган. Саясий кеңеште Иса Өмүркулов да, Сооронбай Жээнбеков да болгон. Саясий кеңеш 2017-жылдын май айында КСДПнын атынан президенттик шайлоого Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөттү. Абдрахманов дагы президенттик шайлоого талапкерилиги койду. Элди адаштырбоо керек, бир партиядан эки талапкер чыкпайт да», — дейт Касымалиев.

Copyright © 2017 Maral FM