Биз менен байланышыңыз

КР Эл артисти , опера ырчысы Дарика Жалгасынова: “Апам фамилиямды өзгөрткөндө бир топ таарынып жүрдү”

Көңүл ачуу | 5 Мар 2019 | 1757 | 0

Бал кезимде атасы бар балдарга суктанчумун

Үч заман көрдүм. Согуш убагын, согуштан кийинки бейпил убакты жана азыркы эгемендүү учурду. Атам 34 жашында согушка кетип курман болгон. Өмүр бою  атамды жоктоп, орду толгус өксүк менен жүрдүм. Апам кайраттуу киши эле 90ду ашып жашап анан кетти. Чыгармачылыгымды өксүтпөгөнгө апамдын салымы чоң болду. Балдарымды карап, курсактарын тойгузуп, мен концерт, гастролдордон келгенче бапестеп карап тураар эле.

Бала кезимде атасы барларга аябай суктанчумун. Алар мен үчүн чеги жок бактылуудай туюлаар эле. Апама кошулуп тамеки тизип, кургатып, кошуна колоң апаларыбызга  чейин cуу ташып берип, баталарын алып чоңойдум.

 

Алгачкы жолу сахнага чыкканда эле келечекте ким болоорумду чечкем

Мен ырчы болом деген оюмда да жок эле. Талас шаарында интернатта окуп калдым. Хордо ырдай турган болдум. Коля деген мугалимибиз мени угуп көрүп, үнүмдү мактап анан мага көп ырларды жаттатып, өзүнчө сабак бере баштады. Кийим тиктирип, кароо сынактарга катыштырды. Ырдаганымда эч бир жан кайдыгер калчу эмес. Бир жолу борборго келип, Панфилов паркында ырдап калдым. Элдин алкоосуна, мактоосуна  маарыдым. Ошондо бир журналист келип гезитке сүрөтүмдү чыгарып,  мен жөнүндө макала жазган.  Анан бизди опера жана балет театрына алып барышты. Толкунданганымды сөз менен жеткире албайм. Ушул сахнада жүргөндөрдүн бактысына  суктандым. Өзүмчө “ушул сахнанын көшөгөсүн ачып жапкандар да бактылуу болсо керек” деп ойлонуп коем. Айтор  ошол күнү эле мен ким болоорумду чечип койдум.

Таласка барсам интернаттын көрүнөө жерине мен  жөнүндө жазылган макаланы бакыйган сүрөтүм менен илип коюшкан экен. Өзүмө батпай эле калдым. Апам да жетине албай катуу сүйүнгөнү эсимде.

Окууну бутуп келип Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшыргам. Окуп жүрүп, орусиядан келген мугалимдердин сынынан өтүп, Москвадагы П.И.Чайковский атындагы консерваториянын вокалдык факультетинде окуп калдым. Ал жактан жолдошум менен таанышып, ээрчишип жүрүп кийин баш кошуп алдык. Менин өзүмдүн фамилиям Артыкова. Бирок турмуш кургандан кийин эле жолдошумдун фамилиясына өтүп, ошону менен  элге алынып таанылып калдым. Апам өмүрүнүн аягына чейин эле таарынып калчу . “Атандын жалгыз кызы болсон өзүңдун фамилиянда эле калбайт белең деп. А мен кийин алмаштыргандан тартындым. Атамды(кайын атам) абдан жакшы көрчү элем. Ал да абдан камкор, жакшы киши болчу.

Чыгармачылыгымда бут тосуулар да болду

Чыгармачылыгымда бут тосуулар болбой койгон жок. Алар жөнүндө айткым да келбейт. Андай учурларда майдаланып отурбай акырын эле жумуштан кетип калчумун.

 

Жакшы адамдардын сунушу менен бир канча берүүлөрдү да алып бардым.

Китеп жазуума мен алып барган берүүлөр себеп болду. 100 чыгарылыш болсо анын баарына дыкат даярданып, кези келгенде ыр да жаза койчумун. Ошонун баары чогулуп калды эле кесиптештерим сунуштап, анан китеп жазууга белсендим. Буюрса жаман эмес. Өз ишинин мыктылары, замандын залкар инсандары жөнүндө китептер чыкты. Алардын көбү менен иштешип калгандыктан бейнелерин ачып берүү мен үчүн оор болгон жок.

Учурдагы опера жанрын алып жүргөн жаштарга көп көңүл бурулбайт

Союз убагында кыргыз маданиятын көтөрүү аракеттери абдан эле мыкты болгон экен. Кандай гана таланттар чыккан . Тилеке каршы азыр андай эмес. Таланттуу жаштарыбыз көп, бирок аларга дээрлик көңүл бурулбайт.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM