Кыргызстанда 4 миң 245 адвокат катталган. Бул тууралуу Юстиция министри Марат Жаманкулов маалымат жыйынында айтты. Алардын ичинен 2 миң 472 адвокат адвокатура институтунда турушат. 1 миң 530 жактоочу адвокатурага кирбейт.
Лицензия алгандардын 438инин адвокаттык ишмердиги токтотулуп, 63 адвокат ишмердигин жүргүзүү укугунан ажыратылган. Аны менен бирге 2 лицензия чакыртылып алынса, 77 лицензия күчүн жоготкон.