Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Кыргызстанда Ак калпак күнү белгиленет

Кыска кабар | 5 Мар 2019 | 562 | 0

Бүгүн, 5-мартта Кыргызстанда Ак калпак күнү белгиленет. Бул күнго карата Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада китеп-сүрөт көргөзмөсү жана поэзия кечеси өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Көргөзмөгө коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, студенттер, окурмандар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

Эске салсак, 27-февралда Жогорку Кеӊеште “Улуттук баш кийим Ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлгөн.

Демилгечилер улуттук баш кийимин мазактаган жеке жактарга 1 миӊ сом, юридикалык жактарга 5 миӊ сом айыппул салууну сунушташууда.

Эске салсак, Жогорку Кеӊештин токтому менен Кыргызстанда ар жылдын 5-марты Ак калпак күнү катары белгиленип келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM