Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда сот кызматкерлеринин күнү белгиленет

Кыска кабар | 5 Мар 2019 | 510 | 0

Бүгүн, 5-мартта Кыргызстанда сот системасынын кызматкерлеринин күнү. Бул күн өкмөттүн 2004-жылдагы токтомуна ылайык, жана сот системасынын кызматкерлеринин конституциялык негиздерди өнүктүрүүдө, мыйзамдуулукту камсыздоодо, адам укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодогу салымдарын эске алуу менен кабыл алынган.

Ошондой эле соттордун аброюн, ишмердүүлүгүн көтөрүү максатында бул күн расмий белгиленет.

Айта кетсек, Кыргызстанда сот кызматкерлеринин күнү 2004-жылдан тарта белгиленип келе жатат.

Быйыл соттук-укуктук реформанын алкагында судьялардын саны 400дөн 457ге көбөйтүлдү. Эгер Жогорку соттогу судьяларды кошкондо жалпы 492 судья бар.

Судьялардын ыйгарым укуктары менен кошо жоопкерчилиги дагы көбөйтүлгөнүн Жогорку соттун мыйзамдар менен иштөө секторунун башчысы Расия Эралиева буга  чейин билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM