Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-Түрк ооруканасын башкаруу боюнча мыйзам долбоору жактырылды

Кыска кабар | 4 Мар 2019 | 598 | 0

«2018-жылдын 1-сентябрында Кыргызстан менен Түркия ортосундагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркияда билим алуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жактыруусуна ээ болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.

«Ооруканада 72 орун, андан тышкары 21 орундуу реанимациялык бөлүм да иштемекчи. Тараптар 3 жыл бою оорукананы биргеликте башкарып иш алып барышат. Ошондой эле жыл сайын 20дай кыргыз дарыгерлерин медициналык адистиктер боюнча Түркияда окутуу иштери да жүргүзүлмөкчү, — дейт Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.

Copyright © 2017 Maral FM