Биз менен байланышыңыз

Парламенттин мурунку спикерлеринен турган кеңеш түзүлдү

Кыска кабар | 4 Мар 2019 | 418 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагаларынын кеңеши түзүлдү. Бул тууралуу «Маралга» парламенеттин мурунку төрагаларынын бири Мукар Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, бул кеңеш өлкөдөгү көйгөйлүү маселелер боюнча сунуштарын иштеп чыгып, президентке, парламентке жана өкмөткө киргизип, кеңеш айтып турат. Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 20-ноябрында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары жана өлкөнүн экс-премьер-министрлери менен жолугушуп, өлкөнү өнүктүрүүдө алардын да көмөктөшүүсүн өтүнгөн.

Консультативдик кеңештин төрагасы болуп Медеткан Шеримкулов тандалды. Ал эми аткаруу комитетинин төрагалыгына Акматбек Келдибеков шайланды.

Парламенттин экс-спикерлери 2-мартта Бишкекте жыйынга чогулушкан. Ага азыркы Жогорку Кеңештин учурдагы чакырылышынын депутаттары да катышкан. Жаңы түзүлгөн кеңештин мүчөлөрү Жогорку Кеңеште кандайдыр бир мыйзам кабыл алынарда ал элдин талкуусуна коюлуп, мурунку төрагалардын кеңеши эске алынышы шарт деген талап коюшкан.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM