Биз менен байланышыңыз

Белоруссияда кыргыз киносунун жумалыгы башталат

Кыска кабар | 4 Мар 2019 | 1630 | 0

Бүгүн Белоруссияда кыргыз киносунун жумалыгы башталат. Кыргыз кинематографисттер колдоо фондусу билдиргендей, бүгүн 4-марттан тарта кыргыз режиссерлору тарткан тасмалар Минск шаарында көрсөтүлө баштайт.

4-6-март күндөрү кино сүйүүчүлөр Төлөмүш Океевдин «Кызыл алма», Актан Арым Кубаттын «Кентавр» жана Темир Бирназаровдун «Түнкү кырсык» фильмдери тартууланат.

Жумалыкты Кыргызстандын бул өлкөдөгү элчилиги уюштурган. Аны Белоруссиянын Маданият министрлигинин колдоого алган.

Copyright © 2017 Maral FM