Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Европа тасмалары акысыз көрсөтүлөт

Кыска кабар | 26 Окт 2019 | 711 | 0

Бишкекте 3 күн катары менен Европанын салттуу кино фестивалы өтөт. Бул тууралуу Европа биримдигинин өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Австрия, Бельгия, Германия, Франция, Италия, Словакия, Словения, Испания, Латвия, Эстония жана Румыния өлкөлөрүнүн тасмалары тартууланат. Жалпы жонунан 11 кино орус тилиндеги субтитр менен көрсөтүлөт.

Тасмалар «Ала-Тоо» кинотеатрында 28-31-октябрь күндөрү көрүүчүлөргө акысыз тартууланат.

Иш-чара Европа биримдигинин  өкүлүчүлүгү менен бирге биримдиктеги мамлекеттердин элчиликтери тарабынан уюштурулууда.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM