Биз менен байланышыңыз

Лукашенко кыргыз элин президентти колдоого чакырды

Кыска кабар | 25 Фев 2019 | 742 | 1

Белорус президенти Александр Лукашенко Кыргызстандын өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековду өтө маданияттуулугун баалап, калкыбызды аны колдоого чакырып өттү. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-февралда Кыргызстандын Белорусиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Ал абдан маданияттуу адам. Кудай деле кыйын мезгилдерде керек учурда, керек жерде ошол элге жардамы тийчү адамды жиберет эмеспи. Мен үмүттөнөм жана ишенем, силер бул кишинин жанында болуп, колдосоңор, көптөгөн ийгиликтерге жетесиңер”,- деп Лукашенко өлкө жетекчибиздин адамдык касиетине жогору баа берип өттү.

Мындан сырткары Белоруссия дайыма Кыргызстан менен өнөктөш гана эмес, достук мамиледе болоорун кошумчалады. “Албетте достук мамилебиз сакталат. Кантсе да көптөгөн жолду бирге басып өттүк, айрыкча, Улуу Ата-Мекендик согуш учурун баса белгилесек болот”,- деп билдирди Кубанычбек Өмүралиев.

1 пикир

1 пикир

  1. Ali

    26.02.2019 10:06

    Президентке жардам беришибиз керек,туура шайлоодо балким башка бироону шайлаганбыз,тагдыр буйруп,Кудай бизге ушул кишини ыраа коруп башчы кылып берди,эми сындап,каршы чыга бербей колдоп жардам беришибиз керек.Лукашенко ото кыраакы,чечкиндуу жана тайманбас киши,анын созундо жан бар!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM