Биз менен байланышыңыз

Кассалык чектерди чогултуп, байгеге ээ бол!

Кыска кабар | 4 Мар 2019 | 1054 | 0

Экономика министрлиги кассалык чектер боюнча атайын акцияны баштайт. Ал үчүн министрлик 15 млн сом жумшаганы турат . Мындай демилгени камтыган документ коомдук талкууга чыкты.

Негизги максаты жарандарды кассалык чектерди алууга шыктандыруу болуп саналат. Ошону менен өлкөдөгү көмүскө экономиканы кыскартуу демилгеси болууда.

Акция «Кассалык чекти талап кылып акчалай байге ут» деп аталды. Биринчи жарым жылдыкта 10 млн сом сарпталганы турат. Соңунда кассалык чектерден лотерея ойнотулат. Акцияны уюштурууга 5 млн сом коротулат.

Жыйынтыгында Экономика министрлиги бюджетке бир жылдык кошумча 300 млн сом которууну көздөөдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM