Биз менен байланышыңыз

Түз эфир учурунда журналистке кол салуу болду (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Мар 2019 | 586 | 0

Таиландда түз эфир учурунда белгисиз аял студияга бастырып кирип, теле алып баруучу Тананя Пипитваничакарнга кол салган. Окуянын видеосун Daily Mail басылмасы интернетке жарыялады.

Маалыматка ылайык, белгисиз аял лотереянын жыйынтыгын жарыялап жаткан журналистке бурагыч (отвёртка) кезеген.

Алып баруучунун кесиптештери ыкчам аракет кылып, аялды четке чыгарууга жетишкен. Журналист окуядан катуу жарат алган эмес.

Алып баруучуга кол салган аял 35 жашта экени белгилүү болгон. Ал полиция тарабынан кармалып, окуянын чоо-жайы иликтенген соң ага кылмыш иши козголгон.

Айыпталуучу журналистке кол салуу менен укук коргоо органдарынын көңүлүн бурдурууга аракет кылганын айтат.

Анткени анын энеси марихуана сактоого айыпталып, камакка алынган. Бирок ал муну мыйзамсыз деп эсептейт жана энесинин күнөөлүү эместигин далилдөө аракетинде.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM