Биз менен байланышыңыз

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасында студенттерге орун барбы?

Кыска кабар | 2 Мар 2019 | 679 | 1

4-мартта Кыргызстандын юридикалык клиникалар ассоциациясы юридикалык клиникаларды өнүктүрүүгө жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын субъекттеринин механизмдерин күчөтүүгө арналган тегерек стол өткөрөт. Жыйын Юстиция министрлиги менен биргеликте уюштурулат.

Анда жогорку юридикалык факультеттердин студенттерин акысыз юридикалык жардам көрсөтүү ишине тартуу механизмдерин талкуулашат.

Ошондой эле иш-чарада Адвокатуранын жана профилдик жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлат.

Тегерек стол “Калктын аялуу катмары үчүн акысыз юридикалык жардамга жетүүнү кеңейтүү максатында өткөрүлүүдө.

1 пикир

1 пикир

  1. Pingback: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасында студенттерге орун барбы? – Сот адилеттигине жетүү

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM