3-мартта Кыргызстандын көпчүлүк аймагында мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамал секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +3…+8,
Таласта түнкүсүн -1…+1, күндүз +4…+6;
Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +3…+8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +3…+8;
Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -3…-8 градус болот;
Бишкек шаарында 3-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +0…+5, күндүз +3…+8 болот.