Connect with us

Республикалык масштабда 3 айлык ишембилик жарыяланды

Кыска кабар | 2 Мар 2019 | 1769 | 0

2019-жылдын 1-мартынан 31-майына чейин республиканын шаарларынын жана калктуу конуштарынын аймактарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлык өтөт. Тиешелүү чечимге бүгүн, 2-мартта премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Үч айлык өткөрүү жөнүндө чечим президентин «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, республиканын шаарларынын жана калктуу конуштарынын социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, аймактарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында кабыл алынган.

Жарыяланган үч айлыктын алкагында төмөнкү иш-чаралар камтылган:

— көчөлөрдү, короолорду тазалоо боюнча ишембиликтерди өткөрүү;

— администрациялык жана турак жай имараттарынын тышкы көрүнүшүн тартипке келтирүү;

— көчөлөрдө түнкү жарыктандырууну орнотуу;

— тосмолорду, дубалдарды талаптагыдай түргө келтирүү;

— жанаша жайгашкан аймактарды көрктөндүрүү;

— калктуу конуштарды жалпы жашылдандыруу боюнча иштерди жүргүзүү;

— муниципалдык жолдорду оңдоо;

— социалдык чөйрөнүн жана айылдык инфраструктура объекттерин оңдоо.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM