Биз менен байланышыңыз

400 кыргызстандык Сауд Аравияга жөнөп кетти

Кыска кабар | 2 Мар 2019 | 718 | 0

Бүгүн эртең менен 400 кыргызстандык Сауд Аравиядагы Camel Fest фестивалына катышуу үчүн учуп кетти. Бул тууралуу  Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, фестивалдын катышуучулары бүгүн түнкү саат үчтө эски аянттын жанында чогулуп, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов менен жолугушуу өткөргөн.

Иш-чаранын катышуучуларын аэропортко жеткирүү үчүн жети автобус тартылган. Аларды Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери коштоп барган.

Фестивалга бара турчулар эки рейс менен кеткен. Эртең мененки 8:30да маданият жаатындагы 200 киши, ал эми жарым сааттан кийин спорт тармагындагы 200 адам учуп кеткен.

Эскерте кетсек, Camel Fest фестивалы 9-мартта башталып, 23үнө чейин созулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM