Биз менен байланышыңыз

КТРКнын директорлугуна талапкерлердин 8и кийинки айлампага өттү

Кыска кабар | 2 Мар 2019 | 492 | 0

КТРКнын директорлугуна талапкер болгон 17 адамдын ичинен 8и кийинки айлампага өттү. Бул тууралуу аталган телеканалдын Байкоочу кеңеши маалымбайт.

Ага ылайык, Байкоочу кеңеш 1-мартта 17 талапкердин программасын угуп, жыйынтыгында Мирлан Самыйкожо, Ибраим Нуракун уулу, Адил Турдукулов, Сураган Босумбаева, Галина Байтерекова, Жайнак Үсөн уулу, Замирбек Казакпай уулу жана Болотбек Тиллебаевди финалдык турга өткөрдү. Эми финалдык тур 6-мартта өтөт.

Белгилей кетсек, КТРКнын директору болууга алгач 22 адам арыз берген. Бирок Элдар Аттокуров, Жылдыз Муслимова  жана Бөлөкбай Шеримбековдун документтери толук болбой жарыштан четтетилген.

28-февралда телеканалдын учурдагы директору Илим Карыпбеков кайра директор болуудан баш тарканын билдирген. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM