Биз менен байланышыңыз

Кепилдик фондго ишеним төмөн

Экономика | 28 Фев 2019 | 46 | 0

Өлкөдө кепилдик фонду түзүлгөндөн тарта 656 долбоор ишке кирди. Тагырагы, кичи бизнести ишке ашырууда банктык насыядан сырткары ишкерлерге 755 миллион сомго кепилдик берилген.

Жети-Ѳгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылынын 35 жаштагы тургуну Самара Абдрахманова мектепте окуп жүргөндөн тарта соода-сатык менен алек болуп келген. Ал жеке ишкердигин өнүктүрүү максатында эки кабаттуу соода борборун курууну көздөгөн. Бирок коммерциялык банктар күрө маселесин коюп, насыя берүүдөн баш тарткан. Акыры тааныштары аркылуу мамлекеттик кепилдик фондунан эки ирээт жардам алды.

Соода бизнесибизди өнүктүрүү үчүн Кызыл-Сууда базардан орун сатып алууга, кайра имарат курууга 70 миӊ доллар талап кылган. Бул боюнча Компаньон банкына кайрылганда коюлган күрөө дал келбестигин айтып, насыя берген эмес. Жакын тааныштар кепилдик фонд боюнча кабарлады. Эсептеп көрсөк, 40 миӊ долларга коюлган күрөө жетти, калган 30 миӊ долларга мамлекеттик фонд кепилдик болуп берди. Чакан ишканаӊ болсо, фонд аркылуу насыя алып иштесе болот экен.

Самара Абдрахманова сыяктуу эле өткөн жылы облуста дагы 51 бизнес долбоору кепилдик фонд аркылуу ишке ашкан. Анда жеке ишкерлер акчаны туризм, айыл чарба, соода-сатык жана кайра иштетүү тармагына жумшашкан. Ага жалпысынан Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан жана мамлекеттик бюджеттен 66 миллион сом бөлүнгөн. Быйылкы жылы да күрөөсү жетпеген ишкерлерге көмөк көрсөтүлөрүн фонддун Ысык-Көлдөгү өкүлү Кубанычбек Насиров белгиледи.

Кыргызстанда кепилдик фонду 2016-жылдын аягында түзүлсө, Ысык-Көлдө 2018-жылы филиалы ачылды. Алгач жеке ишкерлерде маалымат жетишсиз болуп, кайрылуулар активдүү болгон жок. Мындан улам район, шаарларды кыдырып маалымат жеткирдик. Ѳткөн жылы кайра иштетүүгө 33 миллион, соода-сатыкка 13 миллион, айыл чарбасына 12 миллион жана туризм багытына 3 миллион сомго кепилдик бердик. Быйылкы жылы ишкерлердин кызыгуусу байкалууда. Акыркы эки айда 7 бизнес долбоор келип түшүп, 5 миллион сомдук долбоор ишке ашканы турат.

Деген менен, бизнес долбоордун бардыгы ойдогудай ишке ашпайт. Себеби 2018- жылы 80 жакын долбоор келип түшсө, анын 29 колдоо тапкан эмес. Себеби жашоочулардын материалдык чамасы жетпей, айрым учурда жоктон баштоого ири суммада акча берилбейт. Андыктан бул программанын улануусуна коомчулук кандай пикирде?

Жеке ишкерлер же, бизнесин улантып жаткан адамдар насыя алууга моюн сунса бирок, күрөөсү сандык өлчөмгө жетпей калса, кепилдик фонд акча берет деп уккам.

-Мен укпаптырмын, кепилдик фонд эмне экенин түшүнбөйм.

-Бул акчалар тааныштарга гана берилбесе, бизге окшогон карапайым калкка жетпесе керек.

-Мисалы, күз мезгилинде алма, алмуруттар жерде калат. Айрым жашоочулар шире чыгаруучу цехтерге алып барып керекке жаратса, көпчүлүгүнүн барууга шарты жок. Ошондуктан кайра иштетүүчү ишканаларга кепилдик фонд берилсе жакшы болмок.

-Чынын айтсам, жөнөкөй адам ири суммадагы акчаны алуудан коркот. Эртеӊки күнү иштете албай чыгым болсо кандай болот. Менимче, колунда байлыгы бар адам алат, анткени насыяны төгүүгө ишеничтүү булагы бар да.

Ошентсе да калктын жашоо турмушун жакшыртып, өлкөнүн эконмикалык өсүүсүнө салым катары кепилдик фонд жана ага кызматташ банктык мекемелер өз ишин улантат. Себеби азыр «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү» жарлыгына ылайык, коомчулуктун ишенимин арттыруу зарыл. Мындан улам ишти уланткан же жаӊы кадам таштаган жумуш ээлеринин капиталы дыкаттык менен эсептелип жаткандыгын РСК банктын Ысык-Көлдөгү директору Айбек Керимкулов маалымдады.

-Насыяны алгандан кийин ар бир кардар карызды эрте кутулганга аракет кылышат. Айрым учурда биз бир жылда төлөп бүтөбүз деп суранат. Эсептей келгенде кирешеси 20 миӊ сом, анан эсептик көрсөткүч да бул сумманы түзсө, албетте, баш тартабыз. Эгер киреше чыгашаны эсепке албай турган болсок, эртеӊки күнү бизге да кыйын болуп калат.

Белгилей кетсек, жарандар кепилдик фонд аркылуу бизнести улантса, комиссиялык чыгымдын үстөгү 2-2,5% чейин кармалат. Ал эми банкттык мекемелерге 15-18% га 3 жылдык мөөнөткө чейин кайтарым болот.

Copyright © 2017 Maral FM