Connect with us

Президент: Аймак өнүкпөй, ички миграция күч алды

Саясат | 27 Фев 2019 | 1242 | 0

Бүгүн Бишкекте «Кыргыз Республикасы: Аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалог» аттуу конференциясы башталды. Ага президент Сооронбай Жээнбеков жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Форумда президент чиновниктерди аймактарды өнүктүрүүдө чоң колдоо көрсөткөн донорлук уюмдар менен ачык жана активдүү иш алып барууну белгиледи. Ошону менен бирге коррупция менен күрөшүүдө жардам берүүгө чакырды.

27-февралда Бишкекте аймактарды өнүктүрүүгө арналган жалпы улуттук диалог өттү. Форумга бийликтин бардык бутактарынын жетекчилери, жергиликтүү бийликтин башчылары, бизнестин, жарандык коомдун жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын максаты аймактарды өнүктүрүүгө тоскоол болуп жаткан көйгөйлөрдү чогуу талкуулап, аларды чечүү жолдорун аныктоо болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө буга чейин мамлекеттин экономикалык саясаты аймактарды өнүктүрүүгө жөндөмсүз болуп келгенин айтып, анын айынан ички миграция күчөгөнүн билдирди.

-Алыскы райондордон, анын ичинде чек ара аймагынан көчүп кеткендер көбөйдү. Демек, айылды, өзгөчө тоолуу жана чек арада жашаган элди колдоо — өлкөнүн территориялык бүтүндүгүн сактоо менен барабар болуп калды. Ошол үчүн кайра-кайра регион деп айтып, президенттик ишмердүүлүгүмдө бул маселеге өзгөчө көңүл буруудамын. «Регион, аймак, элет, айыл» деген түшүнүктөр ар бир чиновниктин аӊ-сезимине тереӊ сиӊген түшүнүктөр болуш керек. Региондорду өнүктүрүү зарылдыгы эмнеден келип чыкты? Элет жеринде жашаган адамдардын жашоо турмушун жакшыртуу, жаӊы жумуш орундарын түзүп, элди иш менен камсыз кылуу менен миграциянын агымын токтотуу зарылдыгынан келип чыкты. Өнүгүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө багытталган арбын иштер жасалды.

Жээнбеков аймактарды өнүктүрүүдө мамлекет тарабынан жасалган иштердин негизгилери тууралуу айтып кетти.

-Бизнести негизсиз текшерүүлөрдү кыскартуу максатында мамлекеттик контролдоочу органдардын текшерүүлөрүнө эки жылга мораторий киргизилди. Жаӊыдан түзүлгөн ишканалар текшерүүлөрдөн үч жылдык мөөнөткө бошотулду. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү жергиликтүү ишканалар үчүн кошумча нарк салыгын 80 пайызга кыскартуу жеңилдиги берилди. Соода-логистикалык борборлор, машина-трактор станциялары жана айыл чарба кооперативдерине киреше салыгы, кошумча нарк салыгы жана мүлккө салык боюнча жеңилдиктер берилди. Экономиканын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында продукцияны сертификаттоо жана стандартташтыруу боюнча жаӊы лабораториялык база түзүлдү. Дотациялык региондордо ачылып жаткан өнөр жай ишканалары 5 жылдан 10 жылга чейин киреше салыгын, сатуу салыгын, жер жана мүлк салыгын төлөөдөн бошотулду. Технологиялык жабдууларды импорттогон ишкерлер бажы пошлинасынан бошотулду.

Президент белгилегендей, ишкерлерди коргой турган жаңы Бизнес-акыйкатчы институтун түзүү чечими кабыл алынган. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду региондордо өзүнүн өкүлчүлүгүн ача баштады. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн финансылык негиздерин чыңдоо боюнча иштер жүрүүдө.

-Киреше салыгынын үлүшүн жергиликтүү бюджетке этап-этабы менен өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынды. 2019-жылы киреше салыгын бөлүштүрүүнү 50/50 пайыз өлчөмүнөн 70/30 пайыз өлчөмүнө чейин көбөйтүүнүн эсебинен жергиликтүү бюджеттер кошумча  2,1 млрд. сом алат. Мындан тышкары региондорду өнүктүрүү үчүн республикалык бюджетте өзүнчө берене менен 2 млрд сом каралды. Бул каражат биринчи кезекте экспортко чыккан багыттарды колдоого жумшалат.

Ирригация программасына ылайык, 2026-жылга чейин 65 миӊ гектардан ашык жаңы сугат жер өздөштүрүлөт. Жаңы калктуу конуштар, чарбалар пайда болот, 240 миӊден ашуун иш орду түзүлөт. Программадагы долбоорлор 3 топко бөлүнүп, биринчи топко кирген 14 обьектилерди куруунун каржы булактары аныкталган. Жээнбеков жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болоорун убадалады.

Калкты таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясынын алкагында 650 калктуу конушка таза суу жеткирилет. Биз аймактардагы таза суу долбооруна акча каражаттарын таап жатабыз. Таза суу ар бир үйгө чейин жеткиликтүү болушу абзел. Эсептегичтерди коюп, сууну сарамжалдуу пайдаланууну үйрөнүү керек. Урматтуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ассоциацияларды түзүп, таза жана коррупциясыз иштегиле. Ичкен суунун эсебинен уурдагандар, элдин ырыскысын жегендер, эч качан жарыбайт. Аймактардагы дагы бир көйгөй — жолдордун абалы. Жыл сайын ар бир райондун борборунда 3 километрден кем эмес жол асфальтталат. Кийинки этапта айыл аймактардагы ички жолдорду оӊдоого киришебиз.

Мындан тышкары, Сооронбай Жээнбеков жүргүзүлүп жаткан сот-укуктук реформага токтолду:

Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн зарыл болгон сот-укуктук реформа элдин колдоосуна абдан муктаж. Бир да реформа кемчиликсиз болбойт. Өкмөт менен парламент болгон кемчиликтерди жоюунун үстүндө иштейт, өзгөртүүлөр киргизилет. Алган багытыбыздан тайбай кете беришибиз зарыл. Дагы бир чоӊ багытыбыз — өлкөдөгү коррупция менен системалык күрөштү бийликтин бардык тепкичтеринде улантуу. Өлкөдөгү коррупция биз ойлогондон да кеңири кулачын жайган экен, көп фактылар ачылды. Жакында дагы көп фактылардын бети ачылат. Коомду коррупциядан тазалабай туруп, өлкөнү экономикалык саздан чыгара албайбыз. Коррупцияга каршы күрөш эл колдогондо гана ийгиликке жетет. Ошондуктан, коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген жаранды коргоо жөнүндө мыйзам кабыл алынып, күчүнө кирди.

Мамлекет башчы сөзүнүн соңунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн жемкорлук менен крөшүүгө жардам берүүгө милдеттендирди.

Copyright © 2017 Maral FM