Биз менен байланышыңыз

Президент дагы жаңы коррупциялык фактылардын ачыкталарын убадалады

Кыска кабар | 27 Фев 2019 | 1531 | 2

Сооронбай Жээнбеков дагы жаңы коррупциялык фактылардын ачыкталарын убада кылды. Кыргызстанда бардык бийлик бутактарында коррупцияга каршы күрөш уланууда. Коррупция мамлекеттин экономикалык өсүшүнө тоскоолдук жаратып жатат. Бул тууралуу Президент ушу тапта Бишкекте өтүп жаткан «Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» конференцияда сөз сүйлөп жатып айтты.

«Коррупция биздин системада биз ойлогондон да терең тамырлашкан. Учурда көптөгөн коррупциялык фактылардын бети ачылууда. Дагы көптөгөн жаңы фактылардын бети ачылат. Коррупция гүлдөп турган чакта биз өлкөнү экономика сазынан чыгара албайбыз. Дал ушул коррупциялык системадан улам көптөгөн долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүн болбой жатат. Бул  демилгени Кыргызстандын эли жапырт колдоого алганда гана жакшы жыйынтыкка жетишебиз», — дейт Сооронбай Жээнбеков.

2 пикир

2 пикир

  1. Ок

    27.02.2019 20:30

    Ажообуз бул коррупция боюнча которгон демилгеси жалпы элге дем беруудо. Айрыкча жабыр тарткан элдер учун….

  2. Токтосун

    28.02.2019 18:44

    Жайыл району Полтавка айылын карап коюнуз, улгу болсун. 15 депутат айыл окмоттун башчысын кетсин деп добуш беришти, ал болсо ал чечимди жокко салды. Анткени жубайы Жайыл район сот башчысы. Акимдагы эч нерсе кыла алган жок. Депутаттар Прокуратурага, президентке жана премьер Министирге кайрылышкан. Коррупция мене курошсонор, бул масалени 4 ай болду эч ким келип Жайыл районуна текшерип келген жок.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM