Биз менен байланышыңыз

Трамп менен Ким Чен Ын жолугушат

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Фев 2019 | 650 | 0

Бүгүн, 27-февралда Вьетнамда Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен АКШ президенти Дональд Трамптын жолугушуусу өтөт.

Ким Чен Ын 26-февралда Лонг-Сон провинциясына чейин поезд менен барып, андан ары унаа аркылуу кортеждин коштоосунда Ханойго келген. Буга чейин АВС каналы Америка президенти Дональд Трамптын да Ханойго барганын билдирген.

Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы кайрадан коопсуздук маселеси болмокчу. Өзгөчө соңку жылдары эки мамлекеттин пикир келишпестиктерин жараткан Түндүк Кореянын өзөктүк-ракеталык саясаты боюнча бир чечим кабыл алынбай келет.

Түндүк Корея лидери алдыдагы сүйлөшүүлөр эки тараптын кагылышууларын соңуна чыгарат деп убадалоодо. Вашингтон да оң натыйжалар күтүлөрүн айтууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM