Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык Дастан Шаршеев кикбокс боюнча дүйнө чемпиону болду

Кыска кабар , Спорт | 26 Фев 2019 | 651 | 0

Кыргызстандык спортчу Дастан Шаршеев кикбокстун WBKF версиясы боюнча дүйнө чемпиону болду. Чемпиондук кур үчүн мекендешибиз орусиялык мушкер Алексей Додоновду утуп алды.

Кечээ Бишкектеги Кожомкул спорт ордосунда кикбоксингдин К-1 түрү боюнча профессионалдар арасында “Мыктылардын мелдеши” өттү. Анын алкагында 10 беттеш белгиленип, Кыргызстан, Россия, Белоруссия жана Борбор Азия мушкерлери күч сынашты.

Шаршеев кеченин башкы беттешинде россиялык Алексей Додонов менен күч сынашкан. Натыйжада экинчи раундда атаандашын нокаутка учуратты.

Дастан буга чейин атаандаш күчтүү экенинин, ага карабай ута турганын маалымат каражаттарына айткан болчу.

Эскерте кетсек Дастан Шаршеев ушуну менен кикбоксинг боюнча 26 жолу профессионалдык беттешке чыгып, 20 ирет жеңишке жетти.

Copyright © 2017 Maral FM