Биз менен байланышыңыз

Юрий Гагариндин калем сабы аукционго коюлду

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Фев 2019 | 649 | 0

Биринчи космонавт Юрий Гагариндин өзгөчө сүрөттөрү жана ракета түрүндөгү калем сабы аукционго коюлду. Ал Франциядагы Cazo аукциондук үйүндө өтүүдө. Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады. Ал эми Drouot Digital сайты аркылуу жүргүзүлүп жаткан онлайн-сатып алуу 3 мартта аяктайт.

Калем сап кара түстө, баш жагында металдык жасалга менен жасалып, анда «СССР-Сентябрь-1959» деп жазылган. Юрий Гагаринге таандык бул калем сап кийинчерээк “Огонёк” журналынын редакциялык жетекчиси  Валентин Михайловичке белекке берилген. Анын баштапкы баасы 15-20 миң евро деп бааланууда.

Эске сала кетсек, Советтик космонавт Юрий Гагарин 1961-жылдын 12-апрелинде биринчи жолу космоско учкан.

Copyright © 2017 Maral FM