Биз менен байланышыңыз

Президенттин катышуусунда аймакты өнүктүрүү боюнча конференция өтөт

Кыска кабар | 25 Фев 2019 | 651 | 0

Бишкекте 27-28-февралда президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда «Кыргыз Республикасы: Аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалог» конференциясы өтөт. Бул тууралуу мамлекет башчынын аппаратынан маалымдашты.

Ага бийликтин бардык бутагынын өкүлдөрү жана жергиликтүу башкармалыктардан да катышат. Иш-чаранын максаты — аймактардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, калктын жана мамлекеттик органдардын өз ара активдүү аракеттенишүүсү, бизнес тармагы, жарандык, эксперттик коомчулук жана эл аралык институттардын пикир алышуусу.

Конференцияда 2018-жылдын жыйынтыгын чыгаруу, келечекте орто-узак мөөнөттөгү аймактарды өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча бирдиктүү көз карашты иштеп чыгылат. Калктын турмушунун сапатын жогорулатуу боюнча биринчи кезектеги милдеттерди чечүү үчүн өнөктөштөрдүн демилгелерин жана сунуштамаларын талкуулоо күтүлүүдө.

Катышуучулар үчүн бизнести өнүктүрүү, инвестиция тартуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана аймакты өнүктүрүү боюнча эки күндүк сессиялар, семинарлар уюштурулмакчы.

Эскерте кетсек, 2019-жыл президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” болуп жарыяланган.

 

Copyright © 2017 Maral FM