Биз менен байланышыңыз

Көк бөрү боюнча мелдеште депутаттар жеңүүчү болду

Кыска кабар | 24 Фев 2019 | 503 | 0

23-февраль – Мекенди коргоочулардын күнүнө карата өткөрүлгөн көк бөру боюнча мелдеште Жогорку Кеңештин депутаттары жеңүүчү болду.

“Аккула” ат майданында өткөн мелдешке 4 команда: депутаттар, Өкмөттүн өкүлдөрү, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин, массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери катышты.

Алгачкы оюнда өкмөт менен агенттик туш келип, 6-5 эсеби менен вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун тайпасы финалга чыкты.

Жогорку Кеңеш менен журналисттер ойноп, 1-0 эсебинде эл өкүлдөрү жеңишке жетти.

3-орун үчүн болгон беттеште агенттик журналисттерди 4:2ге утуп алды.

Финалда парламент аткаруу бийлигин 2:0 эсебинде жеңип, жеңүүчү аталды.

Бардык командалар премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жана уюштуруучулардын дипломуна, акчалай сыйлыктарына ээ болушту.

Copyright © 2017 Maral FM