Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак мамилеси: картошкага «катылган» таарыныч

Экономика | 22 Фев 2019 | 908 | 0

Евразия экономикалык биримдигине мүчө Казакстан 19-февралдан тарта Кыргызстандын картошкасын өлкөгө киргизүүгө тыюу салган. Анда  картошкадан тышкары, алма жана курмага дагы чектөө койгон. Себеби  жемиштерде комстока куртунун табылганы тууралуу маалымат таралган. Бирок бул дооматты министрлер четке кагууда.

Азыркы тапта Кыргызстанда картошканын 1 килограммынын баасы 3 сом болуп жатканын дыйкандар буга чейин кабарлашкан.

Алардын айтымында, учурунда Өзбекстанга өткөрөм деген дыйкандардын ою ишке ашпай, жер төлөөдө тонналап чирип жатат. Бул тууралуу «Kyrgyzland» экспорттоочулар жана импорттоочулар бирикмелеринин төрагасы Ленара Ниязбекова коомчулукка айтып чыкты. Бул үчүн тиешелүү министрликтерге чара көрүлүүсүн талап кылды.

-Биз быйыл силерден жыйырма беш миң тонна картошка алабыз деп убада беребиз дейт. Бирок каалаган учурубузда барып картошкабызды эч качан сата албайбыз. Бул нерсени тактап, иштеп чыгуу керек. Бүгүнкү күндө мени таң калтырганы экономика министрлигинин кайдыгер карап отурганы. Эч нерсеге тиешеси жоктой, билмексен болуп жатат. Импорт, экспорт иштери экономика министрлиги менен түздөн-түз байланышта.

Айыл-чарба министрлиги Өзбекстан 500 миң тоннага чейин картошка алууга кызыктар гана болгонун эми айтууда.

Министрдин орун басары Эркинбек Чодуев Казакстан Кыргызстандын жемиштерин киргизбөөгө карантинге кирген курттардын табылганы эмес, бул жерде саясат болуп жатканын белгилеп, Кыргызстан тараптан Евразия экономикалык комиссияга кат жөнөтүлөрүн айтты.

-Ачыгын айтканда маселе саясатка айланып кетти. Казакстанга кирген картошка кайра кайтарылып келген жок. ЕАЭБге кирген мамлекеттердин ортосунда келишим бар. Мыйзамдын негизинде Евразия экономикалык комиссияга кат даярдадык.

Өнөктөш катары Казакстан Кыргызстандын жемиштерин киргизбей турганы боюнча алдын ала маалымат берүүгө тийиш. Бирок бул ирээт андай билдирүү келген эмес. 21-февралда почта аркылуу кат келгенин министрликтин алдындагы өсүмдүк карантин департаментинин директору Амангелди Исаев кабарлады. Исаевдин айтуусунда эки айдын аралыгында даттануулар келген эмес.

-Расмий түрдө  21-февралда электрондук почта аркылуу катты алдык. Талап эмес, дооматтарына департаменттин жетекчиси катары каршылыгымды билгизем. Биз расмий түрдө жемиштерде карантиндик аймак бар деп жарыялаганбыз. Жаз айынын келиши менен дыйкандардын сатыкка деп сактап койгон картошканы билип, атайылап жасап жатышат. Буга чейин эки ай аралыгында жиберилген алма, курма, картошкага эч кандай пикир айтылган эмес.

Бул маселе Казакстан тарап менен Орто-Токой жана Киров суу сактагычына видео байкоо коюу маселесинде орток пикир таба албаганынан чыкканын Айыл чарба министри Нурбек Мурашев айтууда. Анткени Казакстандын сунушун Кыргызстан тарап четке каккан.

-Алардын койгон маселеси Орто-Токой жана Киров суу сактагычына видео байкоо коюп, алып жаткан пайызыбызды онлайн режимде өзүбүз көрүп турабыз деди. Бирок макулдугубузду берген жокпуз.

Эске салсак, өткөн жылы 1 млн 400 миң тонна картошка жыйналган. Бул көлөм 2017-жылга салыштырмалуу дээрлик  2,5 эсеге көп. Түшүм баасы чыкпагандан улам сатылбай отурат.

Copyright © 2017 Maral FM