Биз менен байланышыңыз

Замирбек Аскаров жаңы ачылган диализдик борборго барды

Кыска кабар | 22 Фев 2019 | 628 | 0

Вице-премьер министр Замирбек Аскаров «Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында диализ кызматтарын уюштуруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча ачылган диализдик борборго барды. Бул тууралуу Өкмөттүк аппаратын маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул мекеме Фрезениус Медикал Кэйр компаниясы менен «Гемодиализ кызматтарын уюштуруу» долбоору боюнча өнөктөштүктө ачылды.

Кыргызстанда ишке ашырылган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоор Борбор Азиядагы алгачкы долбоор болуп саналат.

Бул Борбор долбоордун алкагында пландаштырылган диализдик борборлордун төртүнчүсү болуп саналат.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын октябрында мындай алгачкы клиника Жалал-Абад шаарында ачылган. Мындан тышкары 2019-жылы Бишкек шаарында экинчи Диализ борборунун жана Ош шаарында клиниканын ачылыш пландаштырылган.

 

Copyright © 2017 Maral FM