Биз менен байланышыңыз

Эмгек рыногун жакшыртуу максатында жаңы доклад жарык көрдү

Коом | 20 Фев 2019 | 703 | 0

Эмгек Эл аралык уюму эмгек рыногундагы кырдаалды жакшыртуу максатында жаңы доклад жарыялады.

Эмгек Эл аралык уюмунун 100 жылдыгына карата эмгек рыногундагы абалды жакшыртуу максатында жаңы доклад жарык көрдү. Женевада жарыяланган бул документ жети милдеттемени өзүнө камтыйт.

-Эмгектин негизги укуктарын сактоо;

-Эмгек рыногундагыларды социалдык колдоо;

-Кызматкерлердин тажрыйбасын жогорулатуу;

-Техникалык прогрессти жөнгө салуу;

-Экономикага көңүл буруп кароо;

-Гендердик теңчилик жаатында программаларды иштеп чыгуу жана бизнеске түрткү берүү.Бул дүйнөдөгү жаңы өзгөрүүлөргө карата алмашуу экенин аталган уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча бюросунун директорунун орун басары Холуд Аль-Хальди айтты.

Эмгек тармагы жаңы факторлорго карата алмашып турат. Бул масштабдуу көйгөйлөр менен кошо жакшы, кенен мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Өлкөбүздүн келечеги бул маселелерди биз кантип чечип жана мүмкүнчүлүктөрүбүздү кантип колдонуп калганыбызга жараша болот. Туруктуулук жана тынчтык мындан 100 жыл илгеркидей эле социалдык адилеттүүлүккө байланыштуу. Жаңы көйгөйлөрдүн катарын азыр техникалык прогресс, климаттын өзгөрүшү жана демографиялык өзгөрүүлөр толуктады.

Кыргызстандын Социалдык өнүгүү министрлиги эми бул докладды карап чыгат. Эгер улуттук мыйзамдарга шайкеш келсе, рынокторду аныктоодо колдонулаарын аталган ведомствонун эмгек башкармалыгынын башчысы Махабат Кутмаматова айтууда.

Келечекте кайсы кесиптер жоголот кайсылары калат? Себеби азыр баары компьютерлешип, роботтор пайда болуп жатат.  Ушунун алкагында биздин жарандар өзүнүн жумушчу орундарын жоготпош үчүн аракеттерди көрүш керек. Бул багытта атайын  иш чаралардын планын иштеп чыккыла деген тапшырманын үстүндө дүйнө иштеп жатат. Бул документте дагы жаңы багыттар көрсөтүлгөн.

Чындыгында бүгүнкү күнү эмгек кодекси жеке сектордо дээрлик иштебейт. Кыргызстандагы ишканалардын 95 пайызы көмүскөдө десек болот. Натыйжада жумушчулардын эмгек укуктары сакталбай жатканын ЖИА Бизнес ассоциациясынын эмгек жана иш берүүчүлөр комитетинин төрагасы Жоодар Омошев белгилейт.

Тилеке каршы  Кыргызстандагы ишканалардын 5 гана пайызы мыйзам жолу менен иштейт.  Калган 95 пайызы көмүскөдө иш алып барат. Беш пайыздын ичинде өнөр жай палатасы, JIA бизнес ассоциациясы бар. Бул өтө начар көрсөткүч. Өтө аянычтуу.

Эске салсак, Эл аралык эмгек уюму Кыргызстандын эмгек рыногундагы акыбалды жакшыртуу максатында иш алып барып келет. Быйыл уюмга туура 100 жыл толду.

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM