Биз менен байланышыңыз

Көчмөндөр оюндары ар бир облуста өткөрүлүп турат

Кыска кабар | 20 Фев 2019 | 1074 | 0

Эми өлкөнүн ар бир облусунда Республикалык көчмөндөр оюндары өткөрүлүп турат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда, Баткен облусунун Кадамжай районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда айтты.

Мамлекет башчы Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бийик деӊгээлде өтүп, ага жер шарынын 60ка жакын өлкөсүнөн келген өкүлдөр катышканын жана көчмөндөр оюнун өткөрүү кезеги Түркияга берилгенин эске салды.

“Бул оюндардын маанилүүлүгүн эске алып, өзүбүз дагы Кыргызстанда жыл сайын республикалык деңгээлде Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүп туралы деп чечтик. Быйылкы оюндарды Манас атабыздын ыйык Ордосу болгон Манас Ордодо – Талас облусунан баштайлы деп жатабыз. Андан соң, эстафетаны башка областтар алып, өткөрө баштайт”, — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 20-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары менен жолугушууда. 21-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда болот. Мамлекет башчысы бул аймактардагы инфраструктуралык, социалдык, өндүрүштүк жана билим берүү объектилери менен таанышат.

Copyright © 2017 Maral FM