Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаар»: жол чырактар туураланса, тыгындар азаябы?

Коом , Кыска кабар | 19 Фев 2019 | 1048 | 0

«Коопсуз шаар» долбоору иштеп баштагандан бери жол эрежесин бузгандар азайганы менен унаа тыгындары көбөйүгөнүн шаар тургундары социалдык тармактарга жазып чыкты. Бул көйгөй тууралуу, 18-февралда Премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев журналистер менен болгон жолугушууда да айткан. Өкмөт башчы долбоор иштеп баштагандан бери бир канча кемчиликтер чыгып, аларды жоюга иш аракеттер жүргүзүлүп жатканын кошумчалаган.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркуловдун айтуусунда, тыгындардын алдын алуу максатында жол чырактар унаалардын интенсивдүүлүгүнө жараша жөнгө салынууда. Бирок бүгүнкү күндө Бишкектин светофорлорун автоматтык түрдө башкаруу мүмкүнчүлүгү жок.

-Чүй менен Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырактын убактысын өзгөртүп жатабыз. 7-апрель Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде да кошумча “сетка” коюлат жана светофордун иштөөсүнө да өзгөртүү киргизилет. Тилеке каршы бүгүнкү күндө жол чыракты тууралоо үчүн атайын топ келип жеринен оңдошу керек. Бул жумуш ар бир өзгөртү керек болгон убакта аткарылат. Биз мэрия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жол чырактарды автоматтык түрдө тууралоонун үстүнөн иштеп жатабыз. Бул система менен унаа тыгынын жөнгө салса болот.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын алдындагы жол чырактарды тейлөө бөлүмүнүн башчысы Туманбаев Турусбектин айтуусунда Бишкек шаары боюнча жол чырактар коюлуусу керек, бирок коюла элек жана эскилиги жеткен жол чырактар бар.

Бишкек шаары боюнча биздин карамагыбызда 250 жол чырак бар. Анын 102си “ламповый” эски 1976-80 жылдары коюлган чырактар. Ал эми калган 148 жаңы светодиотдук жол чырактар. Бул светофорлорго автоматтык түрдө башкарууну киргизсе болот. Эскилеринде мындай мүмкүнчүлүк жок. Шаар боюнча светофору жок 35 кесилиш бар. Анын онуна жол чырак коюу иштери жүргүзүлүп жатат. Күзгө чейин бардык керектүү жерлерге жол чырак коюуну пландап жатабыз.

Ал эми айдоочулардын ою боюнча унаа тыгындарын жол чыракты автоматтык түрдө башкаруу менен жөнгө салуу мүмкүн эмес.

-Жашылды көп күйгүзсө, каршы тарабы көпкө күтүп ал жакта унаа тыгыны пайда болот. Андан көрө бир тараптуу кылган жолдорду кайрадан эки тарапка жүрө турган кылуу керек.

-Кеп жол чырактарда эмес. Биринчи жол белгилерин туура коюлганын текшерип, жок жерлерин толуктап, каталарын оңдоо керек. Ошондо тыгындар жөнгө салынат.

-Менин оюмча, мурда экинчи тилкеден да бурулууга мүмкүн болгон жерлерге кайрадан уруксат бериш керек. Ошондо тыгындар азаят. Көп тыгындар жол чырактын айынан эмес, бурулуу үчүн биринчи тилкеде күткөндөр көп болгондуктан пайда болууда. Камераны орноткондо эки тилкеден бурлууга эмнеге тыюу салды, билбейм. Менин оюмча, бул да элден акча жыюунун бир жолу.

Кошумчалай кетсек, 12-февралдан тарта «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын 10 көчөсүнүн кесилишине жана аймактарга коюлган 17 камера иштей баштаган. Алар жол эрежесин бузуунун жети түрүн каттоого алат.

Copyright © 2017 Maral FM