Биз менен байланышыңыз

Зайналиевдин табыптык ишмердүүлүгүнө тыюу салынды

Кыска кабар | 19 Фев 2019 | 577 | 0

Элдик табып Хашим Зайналиевдин медициналык дарылоо жүргүзүшүнө жана лицензиясы жок дарыларды колдонушуна тыюу салынды. Мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарды.

Башкы прокуратура ага карата буга чейин козголгон кылмыш ишинин негизинде доо арыз менен  Октябрь райондук сотуна кайрылган.

Башкы прокуратурадан кабарлашкандай, январь айында Хашим Зайналиевге карата кылмыш иши токтотулуп, ал өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилген.

Эске салсак, Зайналиевге карата “Алдамчылык” (166) беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM