Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда аталышы жок 1,5 миң көчө бар

Кыска кабар | 19 Фев 2019 | 488 | 0

Кыргызстандагы 1,5 миң көчөнүн аталышы жок. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов Бишкекте өткөн жыйында билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 29 миң көчө болсо, анын 1591инин аталышы жок. Алардын 11,7 пайызы Бишкекте жайгашкан, 9 пайызы Ош облусунда, 6,7 пайызы Талас жана Баткен облустарында.

Мындан тышкары, Чүй облусундагы көпчүлүк көчөлөр андагы үйлөрдүн мыйзамдаштырыла электигине байланыштуу аталыштары жок.

Эске салсак, 2020-жылы калкты жана турак жайларды каттоо жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM