Марат Калиев Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчилиги кызматынан кетүүгө арыз жазды. Бул тууралуу Марат Калиев Kaktus.mediaга өзү билдирген.
“Мен кызматтан кетүү боюнча кечээ, 18-февралда арыз жаздым. Башка иште иштөөнү чечип, азыр ойлонуудамын. Ушул тапта премьер-министрдин чечимин күтүп жатам”,-деди Калиев.
Марат Калиев азыркы кызматына 2015-жылдын ноябрь айында келген.
Эске салсак, 15-февралда Өкмөттүн жылдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча өткөн жыйынында Марат Калиевге кетирилген каталар жана белгиленген иштердин толук аткарылбагандыгы боюнча эскертүү берилген болчу.