Нуран Ниязалиев тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев буйрукка кол койду.
Ал бүгүн Кыргызстандын Катардагы элчиси кызматынан бошотулду. Катардагы элчиликке 2015-жылдын декабрь айында дайындалган.
Тышкы иштер министринин буга чейинки биринчи орун басары Динара Кемелова болчу. Ал Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп дайындалган.