Биз менен байланышыңыз

Ишкерден 10 миң доллар талап кылган чет өлкөлүк кармалды

Кыска кабар | 19 Фев 2019 | 437 | 0

Чет өлкөлүк жаран кыргызстандык ишкерди опузалап, 4 миң доллар акча алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 15-февралда ишкерди коркуткан КМШ өлкөлөрүнүн бирирнин жараны А.Ю. болгон.

Такталгандай, кармалган адам уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышта болгондугун айтып, опузалап, ишкерден 10 миң АКШ долларын талап кылган.

Аталган факт боюнча материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинде “Опузалап пара талап кылуу” каралган кылмыш белгилеринин негизинде кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

16-февралда Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту тарабынан УКМКнын убактылуу кармоочу жайына эки айга камоо чечимин чыгарды.

Азыркы убакта ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM