Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык ишкерден пара талап кылган чет элдик жаран кармалды

Кыска кабар | 19 Фев 2019 | 476 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кыргызстандык ишкерден опузалап акча талап кылган чет элдик жаранды кармады. Мекеменин маалыматында, КМШ өлкөлөрүнүн биринин А.Ю. атуу жараны 3 миң доллар өлчөмдө акча каражатын алып жаткан учурунда колго түштү.

Кармалган адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышта болгондугун айтып, ишкерден 10 миң доллар талап кылган.

Бул факты боюнча материалдар Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап пара талап кылуу” (203) беренесинде  каралган кылмыш белгилеринин негизинде бирдиктүү реестрге катталды.

2019-жылдын 16-февралда Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту тарабынан кармалган жаран эки айга камалды. Иликтөө иштери жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM