Connect with us

Тоо кенчилер бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жасашат

Кыска кабар | 19 Фев 2019 | 564 | 0

Кыргызстандын тоо кенчилери Коопсуздук кеңешинин 2019-жылдын 30-январындагы чечимдери боюнча бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жасашат. Ага «KAZ Minerals Bozymchak» ЖЧКсы, “Алтынкен” ишканасы, “Кыргыз тоо кенчилер ассоциациясынын өкүлдөрү жана башкалар катышат.

Эске салсак, Коопсуздук кеңешинин 2019-жылдын 30-январындагы жыйынында өлкөдөгү кен өндүрүүчү ишканалар, аларга лицензия берүү жана бул тармактагы коррупция маселеси талкууланган.

Президент Сооронбай Жээнбеков анда тоо-кен тармагынан түшкөн кирешелер жылына дээрлик 12 млрд сом экенин жана ал ички дүң продукциянын 8 пайызын, ал эми энергетика тармагынын 44 пайызын түзөрүн билдирген.

Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын январь айында 1 млрд 262 млн сомго кен казылганын Улуттук статистика комитети билдирди. Анын ичинен эң көп металлдык руда 693,4 млн сомго, таш көмүр жана күрөң көмүр 296,2 млн сомго өндүрүлгөн.

Ал эми чийки мунайзаты жана жаратылыш газы январь айында өлко боюнча 241 млн сомго өндүрүлгөн.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM