Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыска кабар | 18 Фев 2019 | 422 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматында, 19-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

19-февралда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт.

20-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт.

21-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаашы, Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда катуу кар жаашы күтүлөт.

Ал эми 22-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM