КТРКнын башкы директорлугуна атк салышкан талапкерлердин саны 13кө жетти. Бул тууралуу телеканалдын расмий сайты билдирет.
Буга чейин КТРКнын коомдук кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев, бүгүн саат 17:00дө арыздарды кабыл алуу аяктай турганын кабарлаган. Анда конверттер ачылып, талапкерлердин аттары белгилүү болот.
Мыйзамга ылайык, башкы директор төрт жылга шайланат. Аны Байкоочу кеңеш жабык добуш берүү жолу менен тандайт.