Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга нур менен дарылоочу аппарат алынып келинет

Кыска кабар | 17 Фев 2019 | 744 | 0

Жакынкы үч ай аралыгында Кыргызстанга онкологиялык оорууларды дарылоочу аппарат алынып келинет. Бул туурасында “Мөл Булак” компаниясынын директору Бабур Тольбаев Telegramдагы баракчасына жазып чыкты. Ал кесиптештери менен бирге буга чейин онкологиялык ооруга чалдыккан «Кыргызстан сулуусу» Жибек Нукеевага 5 миллион сомдук жардам көрсөткөн. Андан кийин мындай дартка чалдыккандар көп кайрылганын жазган.

“Ошондо мен бул көйгөйдүн масштабдуулугун көрдүм. Биз алардын баарына каржылык жардам көрсөтө албайт элек. Бул маселени кылдат карап чыгып, нур менен айыктыруу борборун ачууну чечтик. Бир нече жума мурда Москвада биздин компаниянын инвесторлору менен жолугушуу болду. Биздин сүйлөшүүлөрдүн соңунда мен онкологиялык ооруларды дарылоочу каржатты сатып алуу маселесин көтөрдүм. Күтүлгөндөй эле «биз кайрымдуулук көрсөтүүчү уюм эмеспиз» деген жооп айтылды. Бир нече далил айтылган соң акционерлер бюджетке бир нече өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Бүгүн кечинде нур менен дарылоочу каражат боюнча бюджет жактырылганы тууралуу билдирүү алдым”,-деп жазган Тольбаев.

Ал жазган билдирүүсүндө 3 аралыгында VARIAN HALCYON нур менен дарылоочу аппарат Кыргызстанга келерин кошумчалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM