Биз менен байланышыңыз

Airbus дүйнөнүн эң чоң учагын чыгарууну токтотот

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Фев 2019 | 715 | 0

Европанын эң чоң авиакомпаниясы Airbus дүйнөнүн эң көлөмдүү учагы болгон A380 моделин чыгарууну токтотот. Бул тууралуу компаниянын расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, компания акыркы буюртмаларын 2021-жылы тапшырып, аталган моделди өндүрүүнү жыйынтыктайт. Мындай чечимге эң чоң кардары болгон Fly Emirates аба жлодорунун A380дерге болгон талабын азайтып койгону себеп болгон.

Борбору Дубайда жайгашкан Emirates буга чейин 163 даана A380 колдончу болсо, аны 123кө түшүрдү. Алдыдагы эки жылда аталган учактан 14 гана даана аларын ачыктаган. Анын ордуна ошол эле компаниянын чаканыраак A330 жана A350 моделдеринен 70 даана алууну чечти.

Эске салсак, Airbus компаниясынын A380 учагынын тетиктери Франция, Англия, Испания жана Германияда өндүрүлөт. Өндүрүшүнүн ар түрдүү жерде жайгашканы да анын чыгымын көбойтүп жаткан. Эң акыркы толуктоолор Франция менен Германияда жасалып, колдонууга берилет. Алдыдагы жылы 880-950 даана арасында учак тапшырары күтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM