Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан бирдиктүү туристтик визага кошулат

Кыска кабар | 13 Фев 2019 | 564 | 0

Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан бирдиктүү туристтик виза киргизиши мүмкүн. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Айбек Омокеев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын маалыматы боюнча, Өзбекстан менен Казакстан бирдиктүү туристтик виза киргизип жатат. Казакстанга келген туристтер ошол эле виза менен Өзбекстанга дагы бара алат.

«Биз бул маселени изилдөөдөбүз«, – деди Омокеев.

Эске салсак, Казакстан менен Өзбекстан туризм тармагын өнүктүрүү үчүн бирдиктүү туристтик виза киргизүүнү пландоодо. Silk visa деп аталган долбоор 2019-жылы иштеп баштай тургандыгы кабарланган.

Кыргызстан менен Тажикстан бул демилгеге кошулууга кызыкдар экени айтылып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM