Биз менен байланышыңыз

Сокулукка заманбап ветеринардык жана фитосанитардык лаборатория курулат

Кыска кабар | 13 Фев 2019 | 497 | 0

Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеӊеш жыйынында Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды.

Мыйзам долбоору боюнча Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Алмазбек Акматов баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, өкмөт менен Кытайдын макулдашуусун ишке ашыруу максатында гранттык жардам берүү менен ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу жана тийиштүү жабдуулар менен камсыздоо каралган. Макулдашуу долбоорунда лаборатория курууга Кытай Өкмөтү тарабынан жалпы суммасы 650 млнь кытай юаны бөлүнөрү белгиленген. Муну менен ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялардын курулушу менен эл аралык талаптарга ылайыкталган айыл чарба продукциясын сертификациялоо көйгөйүнүн чечилип, ата мекендик продукциялардын экспорттун потенциалын жогорулатууга шарт түзүлөт.

Мындан улам, аталган лаборатория үчүн жер тилкесин бөлүү маселеси келип чыккандыктан, мыйзам долбоору иштелип чыккан. Аталган министрликте мындай лаборатория курууга жер тилкелери караштырылып, Сокулук районундагы Ак-Жол айылы, Ат-Башы айыл өкмөтүндө жайгашкан жер тилкелери тандалып алынган. Маалыматка ылайык, бул жер тилкесин лаборатория үчүн трансформациялоого район жетекчилери жана жергиликтүү эл менен сүйлөшүүлөр болуп, айыл өкмөтүнүн макулдугу алынган.

Талкууда бир катар эл өкүлдөрү мыйзам долбоору зарылдыгын, ал кабыл алынса туура багытта иштеши керектигин баса белгилешти.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM