Биз менен байланышыңыз

Коргонбай уулунун ордуна жаңы депутат келди

Кыска кабар | 12 Фев 2019 | 602 | 0

Казбек Эргешов «Республика-Ата-Журт» фракциясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп келди. Кеңештин 12-февралдагы сессиясында депутаттын мандаты тапшырылды.

Эске салсак, Жогорку сот Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулун мандатынан ажыраткан.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматовдун маалыматы боюнча, ал Орусиянын жарандыгын 2007-жылы алган. Муну Орусиянын Юстиция министрлиги тастыктаган. Кийинчерээк анын жактоочусу Орусиядан алган паспорту жараксыз экенин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM