Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга жасалма виза менен келаткан Нигериялыктар кармалды

Кыска кабар | 11 Фев 2019 | 1128 | 0

Улуттук Коопсуздук кызматы Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн Нигериялыктарды кармады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

6-февраль күнү «Манас» аэропортунун көзөмөл өткөрүү пунктуна Нигериялык Икене Анайо жана Карим Ахмед Оламилекан аттуу жарандар келген . Алар Кыргызстандын аймагын жасалма виза аркылуу  мыйзамсыз өтүүгө аракет кылышкан. Колдорунда электрондук жасалма виза болгон.

Документти бирдиктүү система тааныган эмес. Текшерүүгө алганда жасалма болуп чыккан.

Жыйынтыгында чет элдик жарандар өлкөдөн чыгарылды.

 

Copyright © 2017 Maral FM