Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыкты текшерди

Кыска кабар | 9 Фев 2019 | 430 | 0

Бүгүн, 9-февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын мониторинг борборунун ишинин бардык баскычтары менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Ага ылайык, Абылгазиев мониторинг борборунун жарандарды кабыл алуу бөлүмүн көрүп чыккан. Мында жарандар менен иштөө уюштурулат жана «100» кыска номуру боюнча тиешелүү маалыматты алуу үчүн бирдиктүү колл-борбор ишке киргизилет.

Тийиштүү маалымдама маалыматтар Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын расмий сайтынын «Коопсуз шаар» бөлүмүндө жеткиликтүү болот.

Тутумдун долбоорду ишке киргизүүгө даярдыгы менен таанышкан соң, премьер-министр долбоорду баскычтуу ишке киргизүүнү тапшырды.

«12-февралдан баштап аппараттык-программалык комплекстерди, мониторинг борборун, ошондой эле бузууларды каттоону ишке киргизүү кажет. Аныктоо, каттоо, жеткирүү жана айыппулдарды төлөөнүн бардык механизмдери так иштеп, жарандар үчүн түшүнүктүү жана ыңгайлуу болушу керек. Бул биздин өлкө үчүн өтө маанилүү жана масштабдуу долбоор, ал жолдордо коопсуздукту камсыздоодо бурулуш боло алат. Алдыдагы долбоорду ишке киргизүү – биздин узак жана көп күчтү талап кылган эмгегибиздин натыйжасы, биз анын бардык баскычтарынын ийгиликтүү ишке ашырылуусуна жетишүүгө тийишпиз», – деди Абылгазиев.

Маалым болгондой, мониторинг борбору «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында аппараттык-программалык комплекс аркылуу аныкталган жол кыймылынын эрежелерин бузуу материалдарын иштеп чыгуу менен алектенет. Аллар андан соң «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасы аркылуу унаа каражаттарынын ээлеринин катталган дарегине жеткирилет.

Учурда бардык даярдыктар талапка ылайык белгиленген мөөнөттө жүргүзүлүп жатат. Бардык материалдык-техникалык база даярдалган, тийиштүү окутуудан өткөн кызматкерлердин штаты түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM