Биз менен байланышыңыз

2018-жылы 79,5 млрд сомдон ашуун салык чогултулган

Кыска кабар | 9 Фев 2019 | 562 | 0

2018-жылы Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 79 млрд 583,9 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду.  2017-жылга салыштырмалуу салыктардын түшүшү 6 млрд 122,6 млн сомго же 8,3 пайызга көбөйгөн. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы салыктын кээ бир түрлөрү боюнча план-божомол ашыгы менен аткарылган. Алсак, пайыз салыгы 218,7 %га аткарылды, «Кумтөрдун» дүң кирешесине салык – 122,9%, салыктык эмес келип түшүүлөр – 110,4%, бирдиктүү салык – 110,3%, кыймылдуу мүлк салыгы – 109,7%, кыймылсыз мүлк салыгы – 107,7%, жер казынасын пайдалануу салыгы – 107,2%, милдеттүү патенттин негизиндеги салык – 104,4%, жер салыгы – 104,4%, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык – 103,3%, ЕАЭБден импортко КНС – 101,3%.

Эң эле маанилүү салыктык чегерүүлөр түстүү металл жаатында – 19%, сатуу ишканаларында – 16%, байланыш түзүмүндө – 8%, башка ишмердиктерде – 9%, курулушта – 5%, профессионалдык ишмердикте – 5%, электр энергиясында – 5%, финансы кызматында – 5%, өндүрүштүн башка тармагында – 3%, алкоголдук суусундуктарда – 2% өндүрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM