Биз менен байланышыңыз

Салык кызматынын негизги багыттары аныкталды

Кыска кабар | 9 Фев 2019 | 467 | 0

Мамлекеттик салык кызматынын 2019-жылга карата негизги багыттары аныкталды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров коллегиясынын отурумунда 2019-жылдагы негизги милдеттерди аныктоо менен, ведомствонун иш планын айтып өттү.

Атап айтканда;

— Үстүбүздөгү жылы салык кызматынын алдында мамлекеттик, республикалык жана жергиликтүү бюджеттин киреше
бөлүгүнүн, салыктык жана салыктык эмес келип түшүүлөрдүн толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылынат.

— Өкмөттүн программасындагы иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында Салык кызматы соода
операцияларын эсепке алуу жол-жоболорун  фискалдаштыруу системасын өз убагында жана сапаттуу ишке киргизүү боюнча иштерди улантат.

— 2019-жылдын 15-январынан тартып ведомствого өткөрүлүп берилген камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча жаңы
функцияларга ылайык, ведомствонун алдында камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу жана эсепке алууну камсыз кылуу боюнча
маанилүү милдеттер аткарылат.

— Салыкчылардын кадрдык дараметин, кесиптик жана системалык өсүүлөрүн өнүктүрүү, окутуу жана квалификацияларын
жогорулатуу, коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруу жана салык кызматкерлери тарабынан этиканын ченемдеринин сакталышын камсыз кылуу боюнча иштер улантылат.

— Фискалдык органдын ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын катарында – республиканын бардык аймагын камтуу үчүн салык
төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн оптималдуу топтому менен севистик борборлордун системасын андан ары
өнүктүрүү;

— Салык кызматынын түзүмдүк бөлүктөрү менен салык төлөөчүлөрдүн ортосундагы иш кагадардын электрондук түрдө
жүгүртүлүшүн кеңейтүү,

— Салык төлөөчүлөр менен ыкчам байланыш системасын өнуктүрүү, анын ичинен салык мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр жана салыктык жол-жоболор туурасында салык төлөөчүлөргө өз убагында маалымат берүүлөр кирет.

— Электрондук кызматтарды колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, салык жол-жоболорун оптималдаштыруу жана салык
отчетторун электрондук түрдө берген салык төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү боюнча иштер улантылмакчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM