Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы былтыр 4 млрд сомдон ашуун салык карызын өндүргөн

Кыска кабар | 9 Фев 2019 | 583 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылы бюджетке 4 млрд сомдон ашуун салык карызынын түшүүсүн камсыз кылды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, республика боюнча 2019-жылдын 1-январына карата салык карызы 2 млрд 329,9 млн сомду түзгөн. Бул 2018-жылдын 1-январына салыштырмалуу 106,4 млн сомго кыскарган. Ал эми өнбөөчү карыздын суммасы жалпы салык карызынын 633,9 млн сомун түзгөн.

Салык органдары тарабынан 2018-жылы салык карызын мажбурлап өндүрүү боюнча бюджетке 4 млрд 266,1 млн сом түшкөн. Бул
2017-жылга салыштырмалуу 888,9 млн сомго көп же өсүү тепти 126,3%ды түзгөн.

Салык төлөөчүлөргө 9 млрд 41,5 млн сом суммасында 95 миң 596 салык чечими тапшырылып, анын 71 миң 983 чечими боюнча 2
млрд 738,5 млн сом өндүрүлгөн.

Салык төлөөчүлөрдүн алыш-бериш эсебине 2 млрд 821 млн сомго 3 миң 449 салыктык-төлөм талабы коюлган, бул 2017-жылга
салыштырмалуу 95 талапка же 118,1 млн сомго көп. Коюлган 2 миң 52 салыктык-төлөм талап боюнча 549,2 млн сом өндүрүлгөн.
Ошондой эле, 1 млрд 78 млн сомго 4 миң 437 мүлктү тизмелөө жүргүзүлгөн. 309 материал боюнча мүлктөрдү сатуудан 90,8 млн сом
өндүрүлгөн.

Бюджетке салыктарды өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн 40,8 млн сомго 10 миң 119 административдик айып салынган, анын 7 миң 594 айып боюнча 31,6 млн сом өндүрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM