Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Газ өчкөн аймактарга көгүлтүр от 3 күндөн соң берилет

Кыска кабар | 9 Фев 2019 | 629 | 0

«Газпром Кыргызстан» ишканасынын басма сөз кызматы газ түтүктөрүн оңдоо жана калыбына келтирүү иштери 12-февралда бүтөрүн билдирди. Ага ылайык, 12-февралга чейин төмөнкү даректерде газ берүү убактылуу жок болот;

— Үметалиев, Ибраимов, Пушкин, Турусбеков, Токтогул көчөлөрүнүн Чүй проспектиси менен кесилишкен аймагында;

— Ибраимов, Осмонкул, Московска көчөлөрүнүн Жибек Жолу жана Чүй проспектиси менен кесилишкен бөлүгүндө;

— Токтогул, Тыныстанов, Московска көчөлөрүнүн Эркиндик бульвары менен кесилишкен аймагында;

— Шопоков көчөсү 119, 123;

— Чүй проспекти 151, 153;

— Усенбаев көчөсү 77;

— «Жыргал» мончосу жана Өспөс от тарапта жаратылыш газын берүү үзгүлтүккө учурайт.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Буга чейин газ түтүктөрүн оңдоо жана калыбына келтирүү иштери 19-февралга чейин уланары айтылган эле.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM